Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:53

Келерки жылы ажылыкты уюштуруу шарты өзгөрөт


2012-жылы ажылыкты уюштуруунун шарты өзгөрөт. Бул тууралуу муфтий Чубак ажы Жалилов бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, быйылкы жылы Мекеге баруу зыяратын уюштурууда айрым кемчиликтер болгону менен жалпысынан ийгиликтүү өттү. Жылда болуп келгендей, акчасын алдаткандар, ажылыктан келе албай калган кемчиликтер болгон жок. Муфтий 2012-жылы ажылык сапаттуу болушу үчүн аны уюштуруу эртелеп башталаарын, ажы башчылардын ордуна жергиликтүү имамдардан жана мечит-медреселердин кызматкерлеринен түзүлгөн имамдар топ башы болоорун кошумчалады. Ошондой эле аймактарда “Ажылык жана умра” борборунун өкүлчүлүктөрү ачылат. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG