Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:45

Аскерге чакырылгандардын арасында оорулуулар да бар


Аскерге чакырылгандардын арасында ар кандай дарттарга чалдыккан оорулуулар да бар. Бул тууралуу парламенттин коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында айтылды.Талкуу жүрүшүндө комитет мүчөлөрү аскерге чакырылуучуларды тандоо иши сапатсыз жүрүп жатканын, Коргоо министрлигинин аскер комиссариаттарынын начар иштеп жаткандыгын белгилешти. Жыйынга чакырылган Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара аскерлеринин командачысы Закир Тиленов эл өкүлдөрүнө быйыл күздө аскерге чакырылгандар боюнча алардын улуту, билими, үй-бүлөлүк абалы, кайсы облустан экени тууралуу маалымат берди. Аскерге чакыруу ишин жөнгө салуучу мыйзамдарды өзгөртүү керектиги айтылды. (RK)

XS
SM
MD
LG