Былтыр июн окуясында жабыркаган ишкерлер бүгүн Ош шаарында митингге чыгышты. Кабарчыбыздын маалымдашынча, чогулгандардын саны 70-80 адам болду. Алар мамлекет тарабынан жардам көрсөтүлбөй жатканына нааразы экенин айтышты. Вице-мэр Алимжан Байзаков алардын талаптары өкмөткө жиберилгенин, бирок азырынча жооп боло электигин айтканда митингчилер тарап кетишти. 2010-жылдын июн айында Ош жана Жалал-Абад облустарында улут аралык жаңжалда 400дөн ашуун адам набыт болуп, миңдеген ишкерлер бизнесинен айрылган. (RK/SE)