Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:40

Суталиновдун баш коргоо чарасын сот 30-декабрда карайт


Апрел окуясы боюнча соттолуп жаткан Мурат Суталиновго карата баш коргоо чарасы кандай болушу керектигин сот 30-декабрда чечет. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат катчысы Бактыбек Рысалиев билдирди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Мурат Суталиновго 2010-жылдын 7-апрелинде Бишкектеги митингчилерге ок атылышы боюнча айыпталуучу катары издөө салынган. Быйыл 14-декабрда Суталинов соттук жараянга өзү келип, сот аны үй камагына чыгарган. Бирок жабырлануучулар аны камакка алыш керек деп жатышат.

Апрел окуясы боюнча Суталиновдун баш коргоо чарасы аныктала элек болгону менен, башка кылмыш иши боюнча ал эки айга камакка алынган. 16-декабрда Суталинов “чек арадан мыйзамсыз өткөн” деген жүйөө менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына алынган. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарган. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG