Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:37

28-декабрга карата аба ырайы


28-декабрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз кээ бир райондордо кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -3...-8, күндүз -2...+3,
Талас облусунда түнкүсүн -5...-10, күндүз -3...+2,
Баткенде түнкүсүн -2...-7, күндүз -1...+4 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1...-6, күндүз 0...5,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -3...-8 градус, күндүз -2...+3,
Нарында түнкүсүн -17...-22, күндүз -10...-15,
Тоолордо түнкүсүн -22...-27, ал эми күндүз -10...-15 болот.

Бишкекте түнкүсүн кар жаашы мүмкүн, күндүз дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт. Мезгил мезгили менен туман түшөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 3...5 градус суук, күндүз 0...2 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG