Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:11

Ош облусунда күздүк айдоо 30 пайызга гана аткарылды


Ош облусунда күздүк айдоо 30 пайызга гана аткарылды. Бул тууралуу бүгүн облустук бийликтин 11 айдын жыйынтыктары боюнча өткөргөн жыйынында губернатордун орун басары Ахмаджан Махамадов билдирди.
Анын айтымында, кыштын эрте келгенинен талаа жумуштары толук аткарылбай калды.

“Күздүк дан эгиндерин толук себүүгө да жетишпедик. Ошондуктан келерки жылга жаздык үрөөндү көбүрөөк айдоону пландап жатабыз. Антпесек 2012-жылы дан тартыштыгы болушу мүмкүн”,- деди Махамадов.

Губернатордун орун басары канча гектар жерге дан себүү пландалганы жөнүндө так маалымат берген жок. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG