Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:09

Иранга Батыш санкция киргизсе, Хормуз кысыгы буулат


Эгерде тыш өлкөлөр Ирандын мунай экспортуна санкция жарыяласа, Хормуз кысыгы аркылуу мунай ташууга Иран өкмөтү бөгөт койот. Бул жөнүндө өкмөттүк ИРНА агенттиги Ирандын биринчи вице-президенти Мухаммед Реза Рахимиге шилтеп кабарлады. “Эгер алар (Батыш) Ирандын мунай экспортуна санкция киргизсе, Хормуз кысыгы аркылуу бир тамчы да мунай өткөрүлбөйт”,-дейт М. Р. Рахими.

АКШнын Энергетика министрлигинин маалыматы боюнча, 2009-жылы дүйнөдө деңиз менен ташылган кара майдын үчтөн бири Хормуз кысыгы аркылуу өткөн. Кысык аркылуу өткөн мунай тартчу кемелердин коопсуздугуна АКШнын согуштук кемелери көзөмөл кылат.

Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик - МАГАТЭнин 8-ноябрдагы Иран ядролук бомбанын үстүнөн иштеп жаткан шекилдүү деген билдирүүсүнөн кийин Тегерандын ядролук программасы боюнча талаш-тартыш курчуду. Иран ядролук программасы тынчтык максатын гана көздөөрүн айтып келет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG