Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:52

Түндүк Кореяда Ким Чен Ирди акыркы сапарга узатышууда


Бүгүн Түндүк Кореянын “улут башчысы” Ким Чен Ирдин сөөгү жайына берилет. Бийликте 17 жыл турган Ким Чен Ир 17-декабрда 69 жаш курагында жүрөгү кармап көз жумган. Коммунисттик жетекчилик мамлекеттик тажыя жөнүндө чектелген гана маалымат таратып, маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына чет өлкөлүк делегацияларды чакырган жок. Ким Чен Ир бийликке 1994-жылы атасы, КНДРдин түптөөчүсү Ким Ир Сен өлгөндөн кийин келген.

Тажыяны уюштуруу комиссиясын маркумдун кенже уулу Ким Чен Ын жетектейт. Мамлекеттик маалымат каражаттары аны башкаруудагы партиянын лидери жана армиянын кол башчысы деп аташууда. Бирок ага билйлик толугу менен берилеби же жокпу азырынча белгисиз.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG