Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:30

Тувадагы зилзаладан эч ким жабыркаган жок


Россиянын Тува аймагында катуу жер титирөө болду. Жабыркагандар тууралуу маалыматтар түшкөн жок. Анын очогу Монголия менен чек арада орун алган. АКШнын геологиялык көзөмөл борбору силкинүүнү күчү 6,6 баллга жетти десе, Россиянын Чукул кырдаалдар министри Сергей Шойгунун айтымында, анын күчү 9 балл болгон. Министрликтин адистери азыр жер титирөөнүн аймагында жайгашкан үйлөрдү кыдырып, кандай зыян келтирилгенин аныктоого аракеттенишүүдө. Азырынча олуттуу кыйроолор болбогону маалымдалууда.

Туванын борбору Кызыл шаарына куткаруучулар келе баштады. Хакассия менен Кемеров чөлкөмүндөгү шахталардан кенчилер эвакуацияланды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG