Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:42

Касиев Онкология борборуна кайрадан жетекчи болуп барды


Бүгүнтөн тарта Улуттук онкология борборун кайрадан Накен Касиев жетектей баштады. Касиевдин "Азаттыкка" билдиришинче, Бишкектин Биринчи Май райондук соту анын доо арызын канааттандырды. Ошол чечимдин негизинде Саламаттыкты сактоо министрлиги, тагыраак айтканда, жаңы министр Динара Сагынбаева Касиевди мурда ээлеген кызматына кайрадан дайындады.

Сентябрда ошол кезде саламаттыкты сактоо министри болуп турган Сабырбек Жумабеков Касиевди иштен четтеткен. Бул чечим мыйзамсыз деген доо арыз менен Касиев сотко кайрылган. Эмгек инспекциясы да, профсоюздар да жана парламенттик комитет да Касиевди колдоп, Жумабековдун чечими мыйзамсыз деп айтышкан. Райсоттун чечимине карата шаардык сотко апелляция берилген, бирок аны министрлик кайра алды.

"Азаттыктын" Касиевдин кайрадан Онкология борборуна жетекчи болуп дайындалышына кандай карайсыз деген суроосуна мурдагы министр Сабырбек Жумабеков: "Мен министрликтен кеттим. Өздөрү билет, койсо коёт, койбосо жок", - деди. (RK)

XS
SM
MD
LG