Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:05

29-декабрга карата аба ырайы


29-декабрда айрым жерлерде кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрден Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -3...-8, күндүз 0...5,
Талас облусунда түнкүсүн -5...-10, күндүз -1...+4,
Баткенде түнкүсүн -2...-7, күндүз 0...5 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0...-5, күндүз 0...5,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 0...-5 градус, күндүз 0...5,
Нарында түнкүсүн -15...-20, күндүз -5...-10,
Тоолордо түнкүсүн -18...-23, ал эми күндүз -6...-11 болот.

Бишкекте түнкүсүн кар жаашы мүмкүн, күндүз дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт. Туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тайгак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 4...6 градус суук, күндүз 3...5 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG