Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:14

Ош: Кырсыктаган учактын жүргүнчүлөрү күтүү залында


Бишкектен Ошко учуп барып жабыркаган учактын жүргүнчүлөрү ушу тапта Ош аэропортунун күтүү залына олтурушат. Бул тууралуу "Азаттыкка" аэропорттун кызматкерлери кабарлашты. Аларга ысык тамак уюштурулду. Кырсыктан жабыркаган 1-2 адам ооруканага жөнөтүлгөнүн айтышты. Бирок медициналык жардамга муктаж болгондордун саны 18 киши экени, алар шаардык ооруканага жеткирилгени да айтылууда. Учак конуп баратканда тилкеден чыгып кеткенин, каза болгондор жок экенин, бирок учак жарактан чыкканын "Азаттыкка" "Кыргызстан" авиакомпаниясынын жетекчилиги маалымдаган. Окуя түшкө маал болгон. (BI/RK)

XS
SM
MD
LG