Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:49

Өкмөт башчысы Бабанов Ошко камынууда


Өкмөт башчысы Өмүрбек Бабанов Ошко учуп кетүүгө камынууда. Бул тууралуу "Азаттыкка" өкмөттөн кабарлашты. Ал Ош аэропортунан учуп келүүгө уруксат күтүп жатат. Бабанов Оштогу бүгүнкү авиакырсыкка байланыштуу чукул жыйын өткөрүп, кырдаалды талкуулады. Түшкө маал Бишкектен Ошко учуп барган "Кыргызстан" авиакомпаниясынын Ту-134 учагы коноор маалында тилкеден чыгып кетип жабыркаган. Каза болгондор жок. Шаардык ооруканага жеткирилгендердин саны 12 адам экени, алардын абалы оор эместиги, көпчүлүгү психологиялык жардамга муктаж экени айтылууда. Кабарчыбыздын маалымдашынча, "учактын бир канаты үзүлүп жатат, дөңгөлөктөрү көктү карап калган, куйругу да үзүлгөндөй". Кырсык болгон жерде тез жардам, өрт өчүргүчтөр бригадалары иштеп жатат. Шаарда кар жаап жатат. Тумандан аэропорттун тегереги көрүнбөйт. Учактан чыккан жүргүнчүлөр кырсык конуп келатканда болгонун, жарылгандай үн чыкканын айтышууда. (EBM/RK)

XS
SM
MD
LG