Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:44

Жанаөзөндө коменданттык саат узартылат


Казакстандын Жанаөзөн шаарында 5-январдан кийин да коменданттык саат абалы сактала берет. Шаарда тартипти калыбына келтирүү боюнча өкмөттүк комиссиянын башчысы Өмүрзак Шукеевдин билдиришинче, чукул кырдаал абалын узартууну жергиликтүү бийликтер сурашкан. Жанаөзөндө мунай кендеринин жумушчулары менен полиция ортосундагы кандуу кагылышуудан кийин 17-декабрда 20 күнгө шаарда өзгөчө кырдаал абалы киргизилген эле. Калабада кеминде 16 киши өлүп, 100дөн ашуун адам жарадар болгон.

Бийлик чатакты мас болуп алган бейбаштар баштады дешүүдө. Айрым жанаөзөндүктөрдүн сөзүнчө, полиция борбордук аянтка чогулган адамдарды күч менен таркатып, жаңжалга тутурук таштаган.

XS
SM
MD
LG