Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:51

Экс-президент Мубарактын соту улантылды


Мубарактын колдоочуларынын акциясы.

Мубарактын колдоочуларынын акциясы.

Египеттин мурдагы президенти Хосни Мубарактын соту Каирде бүгүн кайра уланды. Ал февралдагы элдик чыгууларга туруштук бербей кызматтан кеткен. Сот үч ай илгери убактылуу токтотулган эле.

83 жаштагы Мубарак тез жардам машинеси менен келип, сот залына араба менен кирди. Мубарак февралдагы өкмөткө каршы чыгуулар учурунда набыт болгон 850дөй демонстранттын өлүмү үчүн жооптуу деп айыпталууда.

Экс-президент Мубарак менен кошо анын уулдары Алаа жана Гамал, мурдагы ички иштер министри Хабиб Адлы, коопсуздук кызматынын мурдагы алты жетекчиси да соттолууда. Хосни Мубарак жүрөк илдетине байланыштуу аскерий госпиталда күзөт астында кармалууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG