Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:27

Cирияда 750дөн ашык демонстрант абактан чыгарылды


Сирия өкмөтү өкмөткө каршы толкундоолорду басуу учурунда камакка алынган 750дөн ашык адамга эркиндик берди. Өкмөттүк SANA агенттигинин билдиришинче, “колу канга малынбаган” 755 адам абактан чыгарылган. Элдик козголоңдун катышуучуларын эркиндикке чыгаруу Сириядагы кыргынды токтотууга багытталган Арап Лигасынын тынчтык планынын бир шарты болчу.

Арап Лигасынын байкоочулары кечээ күндөн бери козголоңдун очогу эсептелген Хомс шаарындагы кырдаалды көзөмөлдөөдө. Байкоочулар президент Башар Ассаддын башкаруусуна каршы көтөрүлүп жаткан Хама Идлиб жана Дераа шаарларына да жайгаштырылат.

XS
SM
MD
LG