Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:30

Кытай Ооганстанга мунай казып берет


Ооганстан Кытайдын өкмөттүк мунай корпорациясы менен ири келишимге кол койду. Ага ылайык, кытайлык корпорация Ооганстандын түндүгүндөгү Саре Пул жана Фаряб провинцияларындагы мунай кендерин казып иштетет. Бул ооган өкмөтү акыркы отуз жылдан узак мезгилде мунай өндүрүү боюнча чет өлкөлүк компаниялар менен түзгөн биринчи келишим. Ооганстандын тоо-кен өнөр жай министри Вахидулла Шахрани кытайлык эксперттер жабдууларын тогуз ай ичинде алып келип, жумуш 2012-жылы октябрда башталарын билдирди. Ал келишим 25 жылга түзүлгөнүн айтып, “биздин эсептөөбүз боюнча Ооганстан 23 жылда 7 миллиард доллар киреше алат”, - деп кошумчалады.

2008-жылы Кытайдын металлургиялык корпорациясы Кабылдын түштүгүндөгү Аянак жез кенин иштетүү жөнүндө келишимге кол койгон. Жез кени 2014-жылдын аягында пайдаланууга берилет.

XS
SM
MD
LG