Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:12

Маңзатка каршы күрөшкө имамдар кошулат


Кыргызстанда маңзаттарды сатуу жана колдонууга каршы күрөшкө дин кызматкерлери, имамдар да тартылышы мүмкүн. Мындай демилге көтөрүлүп жатканын “Азаттыкка” “Дин, укук жана саясат” аналитикалык борборунун жетекчиси Кадыр Маликов кабарлады. Анын айтымында, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы менен бирге имамдарды атайын окуудан өткөрүп, аларга маңзаттарга каршы туруунун жол жоболорун үйрөтүү максатталууда. Өз кезегинде имамдар алган билимин жума намазы маалында, мечиттерде карапайым тургундарга жеткирип турмакчы. Мындан тышкары шарият маңзат колдонууга каршы тургандыктан, жылына бир жолу баңгиликке каршы акция өткөрүп туруу сунушталууда. (KKs)

XS
SM
MD
LG