Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:20

Энерготүйүн боюнча келишим жаңыртылды


Борбор Азиядагы үч өлкөнү бириктирген бирдиктүү энергетикалык түйүндү колдонуу боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда кезектеги келишим түзүлдү. Энергетика жана өнөр-жай министри Аскарбек Шадиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, эки тарап 2012-жылы электр энергиясын бирдиктүү түйүн аркылуу тоскоолдуксуз өткөрүүгө макулдашты. Кыргызстанда электр өндүрүүчү станциялар түштүк облустарда жайгашып, ал жактан электр энергиясы Өзбекстан, Казакстан камтыган бирдиктүү түйүн аркылуу гана түндүк облустарга жетет. Башка өлкөлөргө болгон көз карандылыкты токтотуу үчүн ушул тапта Кыргызстанда Датка-Кемин жогорку чыңалуудагы электр линияларын тартуу аракети жүрүүдө. (KKs)

XS
SM
MD
LG