Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:33

Вашингтон Араб Лигасынын миссиясына колдоосун билдирди


Кошмо Штаттары Араб Лигасынын Сириядагы миссиясына өз ишин алып баруу үчүн убакыт бериш керек деп билдирди. Мамлекеттик департаменттин маалымат катчысы белгилегендей, байкоочулар жаңжал болгон бардык аймактарга койо берилүүгө тийиш. Топ шейшембиден бери Сирияда жүрөт. Жергиликтүү активисттердин айтымында, ошол 2 күндүн ичинде өкмөттүк күчтөрдүн огунан 60тай карапайым киши набыт кетти. Мындан улам Франция байкоочулар кан төгүүнү токтото алган жок деп сындады.

БУУнун маалыматына ылайык, март айынан бери Сирияда президент Асаддын режимине каршы көтөрүлүштө 5 миңдей киши каза тапты. Араб Лигасынын миссиясын жетектеген судандык генерал Мохамед ал-Даби “Ал Хаят” гезитине курган маегинде Сириянын расмий адамдары байкоочулар менен кызматташып жатканын билдирди. Бирок "Хьюман Райтс Уотч" уюму башкача маалымат таратууда.

Кечээ өкмөткө каршы толкундоолорду басуу учурунда камакка алынган 750дөн ашык адамга эркиндик берилген. Өкмөттүк SANA агенттигинин билдиришинче, “колу канга малынбаган” 755 адам абактан чыгарылды. Элдик козголоңдун катышуучуларын эркиндикке чыгаруу Сириядагы кыргынды токтотууга багытталган Араб Лигасынын тынчтык планынын бир шарты болчу.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG