Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:16

Боснияда 14 айдан кийин коалициялык өкмөт түзүлдү


Боснияда 14 айга созулган сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында жаңы өкмөт түзүлдү. Мусулман, хорват жана серб партияларынан куралган коалиция ошондой эле мамлекеттик бюджеттин негизги пункттарын бекитти. Жакында Босниянын Евробиримдикке киришине жол ачкан бир катар мыйзамдар жактырылат деп күтүлүүдө. Босниялык сербдердин лидери Милорад Додик тараптардын мунасага келишин кубаттады. Босниялык мусулмандардын "Демократиялык аракеттер" партиясынын жетекчиси Сулейман Тихич болсо бир дагы тарап келишимге толук канааттанбаса да, Босния жана Герцеговина элинин кызыкчылыгына жооп берген макулдашууга жетишилгенин белгиледи.

Босниядагы саясий кризис былтыр октябрда болгон парламенттик шайлоодон кийин тутанган.

XS
SM
MD
LG