Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:47

30-декабрга карата аба ырайы, шашылыш эскертүү


Шашылыш эскертүү
30-декабрдан 2-январга чейин кардын жаашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу унаа жолдордо кар көчкүсү жүрүп, күрткүлөр пайда болуп, муз тоңушу мүмкүн. Асфальт жолдордо унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты так кармоо, таш жолдордо түнкүсүн жолго чыкпоо керектиги айдоочуларга эскертилет.

Аба ырайы
30-декабрда мезгил-мезгили менен кар жаайт, айрым жерлерде катуу жаайт. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын кээ бир райондорунда зымдарга жана бактарга муз тоңуп, суу кар жармашышы мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -3...-8, күндүз -1...-6,
Талас облусунда түнкүсүн -4...-9, күндүз -1...-6,
Баткенде түнкүсүн -1...-6, күндүз -4...+1 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0...-5, күндүз -4...+1,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -1...-6 градус, күндүз -3...+2,
Нарында түнкүсүн -13...-18, күндүз -8...-13,
Тоолордо түнкүсүн -16...-21, ал эми күндүз -12...-17 болот.

Бишкекте мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жолдор тайгак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 3...5 градус суук, күндүз 2...4 градус суук болот.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG