Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:32

Отунбаева "Азаттык" аркылуу жардам көрсөттү


Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева бүгүн "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесине келип, биздин үналгы аркылуу кайрылып жардам сураган Умар Турдубековго деп 10 миң сомдук акчалай жардамын тапшырып кетти.

Тажикстандын Мургаб районунан көчүп келген Турдубеков аксакал Кыргызстандын жараны, 3-топтогу майып. Кызы Ош базарында нан сатып иштейт. 8 жана 10 жаштагы неберелери колунда. Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылып жардам ала албай койгонун "Эл үнү" уктуруусу аркылуу айтып, "8 миң сом процентке берип турсаңар кийинки айда Тажикстандагы туугандарым келсе кайтарып берет элем. Неберелерим ачка калышты", - деген. (RK)

XS
SM
MD
LG