«Кумтөр оперейтинг компани» алтын кен иштетүү компаниясынан Ысык-Көл облусутук социалдык өнүктүрүү фондуна түшкөн каражат быйыл беш жүз миллион сом болду. Бул тууралу облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Айтбек Окенов билдирди. Бөлүнгөн каражаттын сарпталышын көзөмөлдөө облустук жана райондук депуттатардан куралган байкоочу кеңешке тапшырылды. (MK/RK)