Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:51

Өзбекстандык ашпозчулар күрүч басуудан рекорд жаратууну көздөөдө


Мамлекеттик теленин кабарына караганда, өзбек ашпозчулары буга чейин болуп көрбөгөндөй өлчөмдөгү күрүчтү бир учурда дүйнөлүк рекорддордун Гиннес китебине кирүү аракетинде басышмакчы.

Ашпозчулар ассоциациясынын өкүлү Флора Фахрутдинованын айтымында, рекорд жаратуу өзбектердин улуттук тамагынан 4,7 тоннаны даярдоону талап кылат. Ал кошумчалагандай, рекордду жаратууга өлкөнүн булуң-бурчунан ашпозчулар алдыдагы айларда чакыртылат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG