Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:56

АКШ Египеттеги бейөкмөт уюмдардын текшерилишине тынчсызданууда


Кошмо Штаттары Египет полициясынын бейөкмөт уюмдардын кеңселерине жасаган рейддери тынчсыздануу жаратаарын билдирди. Мамлекеттик департаменттин маалымат катчысы Виктория Нуланд Египт бийлигин өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүн опузалоону токтотууга үндөдү.

Жергиликтүү мамлекеттик маалымат каражаттары кабарлашкандай, 17 демократиячыл топ жана укук коргоочу уюмдун кеңселери текшерүүгө алынган. Алардын арасында АКШда жайгашкан Эл аралык республикалык институт, Улуттук демократиялык институт, "Фридом Хаустун" кеңселери бар.

Египеттин бийликтеги аскерлери бейөкмөт уюмдардын каржыланышын текшеришкенин, башка мамлекеттердин өлкөнүн ички иштерине кийлигишүсүсүнө жол берилбесин билдиришти.

XS
SM
MD
LG