Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:14

КТРК жылдын мыкты маалымат каражаты деп табылды


Сегиз жыл катары менен “Замандаш” коомдук-саясий журналы тарабынан өткөрүлүп келе жаткан “Жылдын тандоосу” аттуу сынакта жылдын кезектеги мыктылары тандалды. Бул тандоодо маалымат каражаттарынын арасында Коомдук телерадиокорпорациясы 2011-жылдагы мыкты маалымат каражаты деп таанылды. Сынак 3 баскычта өтүп, биринчи баскычта журналдын окурмандары номинанттарды аныктап, андан соң интернет аркылуу добуш берүү жүргүзүлгөн.

Мындан сырткары “Жетиген” журналы да Коомдук телерадио корпорацияны “Жылдын мыкты телерадиокомпаниясы” деп тапкан. “Жетиген” журналы жүргүзгөн сурамжылоого республиканын аймагындагы бардык көрөрман жана угармандар активдүү катышып, сунушталган тизмедеги мыктылардын мыктысын тандоого добуштарын беришкен. Бул тууралуу “Азаттыкка” КТРКдан кабарлашты.

XS
SM
MD
LG