Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:24

Муфтий "Азаттык" аркылуу кайрымдуулук көрсөттү


Кыргызстандын муфтийи Чубак ажы Жалилов "Азаттыкка" келип, "Эл үнү" уктуруусу аркылуу акчалай жардам сураган Умар Турдубековго 10 миң сом калтырып кетти.

Мурда кабарлангандай, Кыргызстандын жараны, 3-топтогу майып, Тажикстандын Мургаб районунан көчүп келген Турдубеков аксакал неберелери ачка олтурганын айтып, 8 миң сомдой акча процентке сураган.

Анын өтүнүчүнө эң алгач Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева жооп кылып, "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесине келип, 10 миң сомдук акчалай жардамын тапшырып кеткен. (RK)

XS
SM
MD
LG