Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:32

Лейлекте диний ишмерлер элди ынтымакка чакырууда


Баткендин Лейлегинде чыккан чатак басылып, учурда жергиликтүү бийлик мал союп, айыл аксакалдарын, жаштарды чогултуп, сый тамак уюштуруп, түлөө өткөрдү. "Окуя болгон күндөн тарта мечиттерде эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз", - деп билдирди “Азаттыкка” Баткен облусунун казысы Султан ажы Гафуров.

Баткендин Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл өкмөтүнүн Андарак айылында кечээ жаңжал чыккан. Кыргыз улутундагы 3 окуучу жолдон тажик улутундагы адамдар тарабынан сабалышкан. Бирөө ооруканага түшүп, милицияга кайрылган. Күнөөлүүлөрдү издөө башталганда айыл өкмөтүнүн алдына миңдей тажик, беш жүздөй кыргыз чогулган. Алардын ортосундагы уруштан жабыркап, ооруканага түшкөндөр болгон жок. Бирок 2 кичи дүкөн, 2 сарай, 1 наабайкана, 1 автоунаа талкаланып, 2 үй жарым-жартылай өрттөлгөнү кабарланууда. Сабалган окуучу 16 жашта экени, анын абалы өтө оор эместиги айтылууда. Андарак айылынын тургундарынын басымдуу бөлүгү тажик улутундагы жарандар.

XS
SM
MD
LG