Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:57

Сириянын оппозициясы президентке каршы биригүүдө


Сириянын Улуттук кеңешинин жана Сириядагы демократиялык өзгөрүүлөр үчүн координациялык топтун өкүлдөрү тиешелүү келишимге кечээ түнү Каир шаарында кол коюшту. Алардын макулдашуусу президент Башар Ассаддын режими кулоосу үчүн Сирияда демократиялык жагдай жаратууга багытталган.

Сирия оппозициясынын бул кадамына тушташ Улуттар уюму Сирия бийликтери Араб лигасынын байкоочулар миссиясы менен ар тараптуу кызматташып, аларды өлкөнүн нааразылык акциялары өтүп жаткан аймактарына тоскоолдуксуз киргизет деп күтүп жатканын билдирди.

Улуттар уюму мындай билдирүүнү Сирияда режимге каршы демонстранттар менен коопсуздук күчтөрүнүн жаңы кагылышынан жума күнү 20дан ашуун киши каза тапканын маалымдаган кезде жасады. Бирок бул маалыматты башка көз карандысыз булактар тарабынан тактоо мүмкүн эмес.

Араб лигасы уюмунун 100гө жакын байкоочусу элдик толкундоо башталган май айынан бери Сирия режими өлкө кирүүсүнө уруксат берген алгачкы чет элдик байкоочулар.

БУУнун эсебинде, Сирияда элдик толкундоо башталгандан берки кагылыштардан 5000ден ашуун киши каза тапкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG