Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:21

ИИМ: Майрам түнү ызы-чуусуз өттү


Ички иштер министрлиги Кыргызстандын аймагында жаңы жылдык оюн-зооктор чыр-чатаксыз өткөнүн кабарлады.

Маалыматка ылайык, өткөн бир сутка аралыгында өлкө аймагында 183 кылмыш катталган. Анын ичинен Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облсунун аймагында 2 адам өлтүрүү катталып, бул кылмыштардын бети дароо ачылган.

- Учурда Ички иштер министрлигинин өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Кыргызстанда абал тынч, - деп билдирди ИИМдин маалымат кызматынын инспектору Эрнис Осмонбаев. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG