Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:19

Жаңы жыл түнү өрттөн 3 адам мерт болду


Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызмат башчысы Абдышарип Бекилов кабарлады. Анын айтымында, 31-декабрь түнү өрттүн кесепетинен Бишкек шаарында 1 адам, Чүй облусунун аймагында 2 адам каза болду.

Жалпы өлкө аймагында мында башка чукул окуялар катталган эмес.

Ошондой эле өзгөчө кырдаалдар министрлиги жаап жаткан жана күтүлгөн кардан улам тоолордо жана тоо этектеринде кар көчкү жүрүү коркунучу бар экенин эскертүүдө. Айдоочулар жол жүрүүдө 500 метр аралыкты сакташы керек. Кар көчкү түшүү коркунучу 3-январга чейин созулат. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG