Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:15

Жапонияда катуу жер титирөө болду


Жекшембинин таңында болгон силкинүүнүн магнитудасы 7ге жеткенин сейсмологдор белгилешти.

Жер титирөөнүн очогу Токионун түштүк-чыгыш тарабындагы Идзу аралдарында катталды. Жабыр тарткандар менен катуу чыгым болгон жок.

ТЕРСО энергокомпаниянын өкүлү ал аймактагы атомдук станциялар баштагы калыбында иштеп атканын билдирет.

Өткөн жылдын март айында болгон зилзала менен топон сууда «Фукусима-Дайичи» АЭСи катуу жабыркап, Жапониянын түндүк-чыгышында 20 миң киши набыт болгон.

XS
SM
MD
LG