Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:11

Пакистандагы чабуулдарда 17 адам набыт болду


Белужистан вилаетиндеги Дера Бугти шаарына жакын жерде кечээ жолдо мина жарылып, андан төрт аскер көз жумду. Чабуул үчүн азырынча эч ким жоопкерчиликти өзүнө ала элек. Негизи, Ооганстан жана Иран менен чектешкен бул аймакта куралданган сепаратисттик топтор көп.

Андан сырткары, жекшембиде Хайбер провинциясында коопсуздук күчтөрү талип жикчилери менен атышып кеткен. Окуяда 13 адам өлгөнүн, көз жумгандардын бири пакистандык өкмөттүк аскер экенин France-Presse агенттиги кабарлады.

XS
SM
MD
LG