Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:00

Египетте экс-президент Мубарактын соту бүгүн улантылат


Анда мамлекеттик айыптоочулар Мубарак менен анын жакын чөйрөсү эмне үчүн өткөн жылкы ыңкылапта 800дөн ашуун адамдын өлүмү үчүн күнөөлөнүп жатышканын далилдеп бериши керек. Ушул тапта 83 жаштагы Мубарак өзү, анын эки уулу, мурда ички иштер министри, полициянын жогорку офицерлери түрмөдө жатышат. Алар былтыр февралдагы ыңкылапта 850 демонстранттын өлүмүнө тиешеси бар деп күнөөлөнүп жатышат. Мубарактын өзүн жана уулдарын коррупция үчүн да айыпташууда. Бирок айыпталуучулар өздөрү күнөөлөрдү мойнуна алыша элек. Сот иши былтыр августта башталган.

XS
SM
MD
LG