Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:07

Лейлек: Калайман жаңжал боюнча бир адам камалды


Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Жеңиш Разаков “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, жаңжал чыккан Андарак айылын учурда 35 милиция кызматкеринен турган топ күнү-түнү күзөтүп жатат. Аларга ыктыярдуу элдик кошуун да көмөктөшүүдө. “Бул окуя боюнча эки кылмыш иш козголду. Бир топ адамдар суракка алынып, бир адам камалды”, - дейт Разаков.

Баткендин Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл өкмөтүнүн Андарак айылында 30-декабрда жаңжал чыккан. Кыргыз улутундагы 3 окуучу жолдон тажик улутундагы адамдар тарабынан сабалып, бирөө ооруканага түшүп, милицияга кайрылган.

Күнөөлүүлөрдү издөө башталганда айыл өкмөтүнүн алдына миңдей тажик тектүү, беш жүздөй кыргыз тектүү жаран чогулган. Алардын ортосундагы уруштан жабыркап, ооруканага түшкөндөр болгон эмес. Бирок 2 кичи дүкөн, 2 сарай, 1 наабайкана, 1 автоунаа талкаланып, 2 үй жарым-жартылай өрттөлгөн. (EBM)

XS
SM
MD
LG