Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:40

Иорданияда бүгүн Израил менен Палестинанын өкүлдөрү жолугушат


Саед Эрекат
Саед Эрекат
Израилдин премьер-министринин атайын элчиси Ицхак Молхо менен палестиналык өкүл Саед Эрекаттын жолугушуусунун башкы эле максаты – тынчтык сүйлөшүүлөрүн кайра жандандырууга бөгөт болгон жагдайларды жоюу.

Бул бейформал жолугушуу Жакынкы Чыгыштагы маселе боюнча эл аралык ортомчулар Евробиримдик, Орусия, БУУ жана АКШнын жыйынынын алкагында өтмөкчү.

Жолугушуу израил-палестин сүйлөшүүлөрү расмий башталды дегенди билдирбейт. Азыр эки тарап тең бүгүнкү сүйлөшүүдөн жыйынтык чыгарына ишенбей турушкандай. Анткени Палестина ал сүйлөшүүлөрдү башташ үчүн Израил, биринчи кезекте, Иордан дарыясынын батыш жээгине үй курганды токтотушу керек деген талап койгон. Израил болсо Палестина автономиясы эч кандай шарт-талап койбой туруп сүйлөшүүгө келиши зарыл деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG