Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:42

Бишкек - Ош: Жолдо токтоп калган унаалар чыгарыла баштады


Бишкек - Ош унаа жолунун Жалал-Абад облусундагы Көк-Бел ашуусунун этегинде тайгак жолдо такалып калган оор жүк ташуучу унаалар чыгарыла баштады. Бул тууралуу "Азаттыкка" жардам сурап кайрылган айдоочулар кабарлашты:

"Биз чыктык. ДЭУдан 1 машина жиберген экен. Алдымда 5 машина бар эле, алтынчысы болуп мен чыгып кеттим. Узун машиналарды чыгарыш кыйын экен, өзүбүз да засыпка (муз жолго кум, топурак сээп) кылып жаттык. Жерден чукулап топурак алдык. Кетиш керек экен да", - деди айдоочулардын бири.

Өзүн Азим Жолдошев деп тааныштырган айдоочу жеңил автоунаа өтүп жатканын, бирок 28-декабрдан бери 40ка жакын оор жүк ташуучу машина 318-чакырымда токтоп турганын, жол тейлеген кызматтан эч жардам болбогонун айткан. Ал эми жолду тейлеген жумушчулар да, Бишкек-Ош унаа жолунун мамлекеттик дирекциясы да Бишкек-Ош жолунда каттам үзгүлтүккө учурабаганын айтып, "Азаттыкка" даттанган айдоочулардын айтканын четке кагышууда. (RK)

XS
SM
MD
LG