Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:35

Кумар оюн бизнесинин өкүлдөрү өкмөттү сотко беришет


Кыргызстандагы кумар оюндар бизнесинин өкүлдөрү өкмөттү сотко беришет. Бул тууралуу "Азаттыкка" Оюн бизнеси боюнча ассоциациянын юристи Данияр Мамыров билдирди. Анын айтымында, 1-январдан тарта кумарканаларды жабуу боюнча мыйзамга таянып өкмөт алардын көпчүлүгүнүн лицензиясын алып койду. Бул кумар оюн ишкерлерине чыгып алып келди. Мамыровдун билдиришинче, кумарканалардын ишине тыюу салган мыйзам Конституцияга да, бир нече мыйзамдарга да карама-каршы келет.

2012-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстандагы кумарканаларды жабуу тууралуу мыйзамды Жогорку Кеңеш былтыр күздө кабыл алып, ага президент кол койгон. Бирок ага чейин ошол кезде өлкөнү башкарып турган Роза Отунбаева кумарканаларды жабуу менен проблема чечилип калбай турганын айткан.

"Азаттыктын" кабарчыларынын маалымдашынча, Бишкектеги көпчүлүк кумар оюнканалары жабылдык дегени менен мурдагыдай эле иштеп жатышат.

Кумарчы болуп кеткен кыргызстандыктардын жакындары азабына чыдабай өкмөткө, парламентке бир нече ирээт кайрылып, кумарканаларды жабуу талабын коюп келишкен. Тиешелүү мыйзам долбоорун парламент бир добуштан колдоп берген. (ZB/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG