Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:13

Каирде экс-президент Хосни Мубарактын соту уланат


Бүгүн Каирде өткөн жылдын февралында бийликтен кулаган Египеттин мурдагы президенти Хосни Мубарактын иши боюнча сот жараяны кайра башталат. Мубарак жана башка соттолуучулар өкмөткө каршы демонстрацияларды кууп-таратууда 800дөн ашуун адамдын өмүрүн кыйган деп айыпталууда. Жүрөгү оорукчан экс-президентти сот залына арабага салып келишти.

Соттолуучулардын катарында Мубарактын эки уулу, мурдагы ички иштер министри жана мурдагы жогорку даражадагы полиция кызматкерлери бар.

Египеттин мурдагы президенти Мубарак уулдары менен коррупциялык иштерге дагы айыпталууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG