Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:16

Будапеште демократияны колдогон массалык акция өттү


Венгриянын баш калаасында миңдеген адамдар көчөгө чыгып, башкаруучу «Фидес» партиясы жүргүзгөн саясатка каршы нааразылык акциясын өткөрдү.

Бийликтин оппоненттери 1-январдан тарта күчүнө кирген жаңы Баш мыйзам, өкмөттүн башка бир катар чечимдери өлкөдөгү демократиялык негиздерге шек келтирип, сот, укук коргоо тармактарын, Борбордук банкты, диний уюмдар менен маалымат каражарттарын көзөмөлгө алуу аракетин көздөөрүн айтышат.

Венгриялык башкаруучу режимдин айрым саясий кадамдары АКШ, Евробиримдик жана башка эл аралык уюмдардын сынына кабылууда.

XS
SM
MD
LG