Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:25

Талиптер АКШ менен сүйлөшүүлөргө Катарда кеңсе ачат


Ооганстандагы талиптер Катарда “саясий өкүлчүлүгүн” ачууга бул өлкөнүн бийликтеринин макулдугун алгандыгын билдирет. Чет өлкөдө өкүлчүлүк ачуунун максаты «эл аралык коомчулук, анын ичине АКШ менен Ооганстандагы тынчтык тууралуу сүйлөшүү» деди «Талибан» кыймылынын активисттеринин бири Забихулла Муджахид.

Интернеттеги исламисттик сайттардын бирине чыккан "Талибан” кыймылынын билдирүүсүндө Ооганстанда тынчтык орнотуу үчүн эл аралык күчтөрдү алып чыгып кетүү жана террорчулукка шектелип абакта жаткан талиптерди бошотуу шарты коюлат.

Ооган бийликтери менен Батыш талиптер куралдуу кармашуудан баш тартса сүйлөшүүлөрдү баштоого даярдыгын билдирип келет.

XS
SM
MD
LG