Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:11

Ооганстанда үч башка жардырууда кеминде 11 адам мерт болду


Жумурияттын түштүгүндөгү Кандагар шаарында болгон катарма-катар жардырууларды эки жанкечти жасаганын полиция кабарлады. Окуяда канча адам жаракат алганы так айтыла элек. Жардыруулардын бири полициянын имаратынын жанында болгону, анда бир полисмен менен кошо төрт жаш бала набыт болгону айтылды. Бул жардыруулар үчүн азырынча эч ким жоопкерчиликти өзүнө ала элек.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG