Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:20

Бишкектеги электр зымдар алмаштырылат


Быйыл жазда Бишкектеги электр зымдар түйүнүн жаңылоо иши башталат. Бул долбоор Германиянын жардамы менен ишке ашат. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ишканасынын жетекчиси Нурлан Кайдуев билдирди. Анын айтымында, "2-3 жылдын ичинде жабдуу жана зымдар алмаштырылат. Ошондо проблема чечилет." Декабрдын ортосунда Бишкекте жана шаар четиндеги жаңы конуштарда электр жарыгы өчүп, бир нече күн бою адамдар жарыксыз, жылуулуксуз калган учурлар болду. Энергетиктердин айтымында, мунун себеби - электр энергиясын пайдалануу нормадан 60-70 пайыз ашып, канча жылдардан бери жаңыланбаган зымдардын жана жабдуунун кубаттуулугу жетпей калгандыкта. (RK)

XS
SM
MD
LG