Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:38

Орусия Кыргызстанды Жаңы жыл менен куттуктады


Орусиянын президенти Дмитрий Медведев жана өкмөт башчысы Владимир Путин Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевге Жаңы жылдык куттуктоолорун жиберишти. Бул тууралуу бүгүн кыргыз мамлекет башчысынын маалымат кызматынан кабарлашты. Орусиянын президенти Медведев Кыргызстан менен кызматташтык стратегиялык принципке негизделгенин, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык багытта жаңы масштабдуу долбоорлор ишке ашаарына ишенээрин айткан. Владимир Путин былтыркы жылы кыргыз-орус мамилелери динамикалуу болгонун, быйыл да аймактагы туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылуучу биргелешкен жаңы долбоорлор болоорун айткан. Кыргызстан элине орус лидерлери тынчтык, бакыбат турмуш жана туруктуулукту каалашты. (RK)

XS
SM
MD
LG