Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:24

Шинжаңда бир кыргызстандык өлүм жазасына соттолгон


Кытайдын түндүк-батышындагы Шинжаң уйгур автоном районунда 15 кыргызстандык түрмөдө. Бул тууралуу "Азаттыкка" Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Үрүмчүдөгү визалык бөлүмүнүн башчысы Азат Эркебаев бүгүн кабарлады. Анын айтымында, алардын 12сине карата сот өкүмү чыккан, калган үчөө боюнча соттук териштирүү дагы эле уланууда. Камакта жаткандардын көпчүлүгү маңзат менен кармалгандар. Бирөөнө карата өлүм жазасы берилген, бирок өкүм азырынча аткарыла элек. Маңзат менен шугулдангандарга карата Кытайда жазалоонун эң катуу чаралары каралган. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG