Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:15

Сот системасы туңгуюкта


Кыргызстанда 70тен ашык судьянын мөөнөтү аяктап, Сотторду тандоо кеңеши толук кандуу иштебегендиктен, бошогон орундарга сынак жарыяланбай турат.

Айрым адистер саясий чечим аркылуу жаңы судьяларды тандай берүүгө чакырышууда.

79 судьянын орду бош

Кыргызстандын Жогорку Сотунун маалыматы боюнча, өткөн жыл соңунда 79 судьянын мөөнөтү аяктап, орундары бош калды. Бул жер-жерлерде ондогон соттук териштирүүлөр токтоп турат дегенди билдирет. Мөөнөтү аяктаган судьялардын арасында 7-апрель окуялары боюнча соттук иште төрагалык кылган Дамир Оңолбеков да бар. Азырынча эски судьялардын ыйгарым укуктары узартылбай, же жаңысы тандалбай турат.

Апрель сотун караган судья Дамир Оңолбеков
Апрель сотун караган судья Дамир Оңолбеков
Жогорку Кеңештин Сот-укуктук маселелер боюнча комитетинин төрага орун басары Карганбек Самаковдун айтымында, жаңы жылга чейин судьялардын маселесин териштирүүгө кол жетпей калган:

- Эң көйгөйлүү маселелердин бири ушул болуп калды. Жыл тогошоор алдында өкмөттүн түзүмү менен алек болуп, талаш-тартыш маселелер болгондуктан мөөнөтү келип калган соттордун маселесине үлгүрбөй калбадыкпы. Биз мыйзамды кабыл алганча, президенттин жардыгы менен мөөнөтүн узартып туруу керек го. Себеби биз үлгүрбөйбүз. Азыр төрт мыйзамды кабыл алууга өзүнчө убакыт керек. Эл Сотторду тандоо кеңешинин курамын алмаштыргыла деп жатпайбы, ага да убакыт керек болот.

Судьялар кызматтан кеткендиктен жер-жерлерде соттук териштирүүлөр жаз айларына чейин жылдырылганы кабарланууда. Жагдайды жөнгө салуу үчүн эски судьялардын мөөнөтүн узарта туруу демилгеси көтөрүлүүдө.

Депутат Галина Скрипкина мындай өзгөртүүлөр “Судьялардын макамы жөнүндө” мыйзамга киргизилип жатканын кабарлады:

Парламент
Парламент
- Мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, “Судьялардын макамы жөнүндө” мыйзамдын иши убактылуу токтойт. Ал мыйзамда судьялардын мөөнөтү аяктаса, бошогон орундарга сынак жарыяланат деген жобо бар эле. Азыр облустук, райондук соттордун кызматына жаңы сынак өткөрүлбөгөндүктөн эски судьялардын мөөнөтү, сынак болгонго чейин узартылат.

Декабрь айында биринчи окуудан өткөн бул мыйзам долбоорун январь ичи толугу менен ишке киргизүү көздөлүүдө.

Сотторду тандоо кеңешинин тагдыры талаш

Натыйжада бул мыйзам менен мөөнөтү аяктаган судьялардын маселеси убактылуу чечилгени жатат. Кантсе да судьяларды тандай турган кеңештин тагдыры дале бүдөмүк бойдон. Президенттин парламенттеги ыйгарым укуктуу өкүлү Данияр Нарынбаев Сотторду тандоо кеңеши тууралуу мындай дейт:

- Азыр каршы пикир каралып, ошонун негизинде макулдашылган вариант иштелип чыгып, мыйзамга тиешелүү өзгөртүү, толуктоолор киргизилгенден кийин, ушул маселе чечилет. Сотторду тандоо кеңешинин жаңы курамын курайбызбы, же болбосо ичинде иштеп жаткан адамдардын айрымдарын алмаштырабызбы, мурунку Сотторду тандоо кеңеши өткөргөн сынактын жыйынтыгын ошол бойдон калтырабызбы, же жокко чыгарабызбы деген маселелер чечилет.

Кеминде жарым жыл мурда түзүлгөн Сотторду тандоо кеңеши мыйзамдагы мүчүлүштүктөрдөн улам толук кандуу иштебей турат. Кеңештин дарегине айтылган сын-пикирлер да алигиче тыйылбай келет. Парламент бул сындарды жүйө кармап, кеңештин курамын жаңылоону көздөп жатат.

Роза Отунбаева, 30-ноябрь 2011-жыл.
Роза Отунбаева, 30-ноябрь 2011-жыл.
Буга чейин парламент менен президенттин ортосунда кайчы пикир чыккан эле. Экс-президент Роза Отунбаева 30-ноябрда парламенттин алдында сөз сүйлөп жатып, кеңештин ишиндеги кемчиликтерге токтолуп өткөнү бар:

- Тилекке каршы азыркы Соттордун тандоо кеңешинин ишин мыйзам чегинде камсыз кылууда мүчүлүштүктөр байкалды. Ошондой эле айрым саясий күчтөр сотторду өз колуна алып, пайдалангысы келгени айкын болду. Ошондой эле бул кеңештин кай бир мүчөлөрү да ар кандай азгырыктарга туруштук бере албай калганы алардын добуш берүү жыйынтыгы сырткы таасирдин натыйжасы экендиги айкын көрүнүп калды.

Деген менен айрым адистер бул туңгуюктан чыгуу үчүн саясий чечим кабыл алып, Сотторду тандоо кеңешинин азыркы курамы менен деле реформаны улантса болоорун белгилеп жатышат. Алардын бири Сот системасын көзөмөлдөө боюнча жарандык кеңештин мүчөсү Рита Карасартова:

- Саясий эле чечим кабыл алганда реформа кетчүдөй болуп турат. Анткени ушундай бир жагдайга келип калдык да, мыйзам да даяр эмес, сотторду тандоо боюнча институту да калпыс абалда турат. Ошондуктан бүгүнкү күндө саясий чечим кабыл алып, жарандык коомдун байкоосу менен бул реформаны өткөрүп алсак, андан кийин башкалардын да калыптандырып алат элек.

Ошентип сотторду тандоону кепилдей турган мыйзам качан ишке кирип, Сотторду тандоо кеңешинин тагдыры кандай чечилери дагы эле арсар болуп турат. Депутаттар бул маселени жаңы жылдык эс алуудан кийин колго алууну көздөшүүдө.

XS
SM
MD
LG