Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:39

Айовада шайлоо алдындагы жарышта Митт Ромни озуп чыкты


АКШнын Айова штатында шейшембиде өткөн шайлоо алдындагы жарышта Республикачылардын арасынан Массачусетс штатынын мурдагы губернатору Митт Ромни атаандашынан 8 добуш ашык алып, алдыга озуп чыкты.

Экинчи орунга болсо консервативдик көз караштагы мурдагы сенатор Рик Санторум чыкты. Эки атаандаш тең шайлоочулардын 23% добуштарына ээ болду. Үчүнчү орунга 21% добуш топтогон Техас штатынын конгрессмени Рон Пол чыкты.

Президент Барак Обама дүйшөмбүдө өткөн телеконференция маалында Айовадагы колдоочуларына кайрылды:

- Мен азыр биринчи жолу шайлоого катышканга караганда көбүрөөк оптимисттик маанайдамын. Анткени биз бир топ өзгөрүүлөрдү ишке ашырдык. 2012-жылы америкалыктарга эки нерсени эске салгыбыз келет. Биринчиден, биз узак “саякатта” жүрөбүз. Экинчиден, биз ишибиздин майнабын көрө баштадык: адамдардын саламаттыгын сактоону, аскерлерибиздин мекенине кайтышын, жаштарыбыздын мектепке баруусун камсыздап жатабыз.

Айова штатында партиялар ичинде талапкерди тандоо биринчи башталып, ал жалпы шайлоо жараянына таасир тийгизет.

Ушул жылдын ноябрь айында АКШда президенттик шайлоо өтөт. Демократиялык партиядан учурдагы президент Барак Обама экинчи мөөнөткө ат салышат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG