Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:56

Өзбекстан Тажикстанга газдын оозун бууду


Өзбекстан кечээден тарта алдын ала эскертпей туруп эле Тажикстанга газ бергенди токтотту. Бул тууралуу Тажикстандын Тышкы иштер министрлигине шилтеме менен бир топ маалымат каражаттары билдирип жатышат.

Муну расмий Ташкен жаңы 2012-жыл үчүн газ боюнча эки тараптуу келишимге кол коюла электиги менен түшүндүргөн. Бирок Тажикстан ортодогу келишимдин мөөнөтүн узартыш керектигин бир нече ирет суранганын, Өзбекстан атайылап маселени создуктурганын билдирүүдө.

Кечээ Тажикстандын Тышкы иштер министрлигине Өзбекстандын элчиси чакыртылып, ага президент Эмомали Рахмондун өзбек президенти Ислам Каримовго жолдогон каты берилди. Анда тажик президенти жакын арада газ кайра бериле баштайт го деп үмүттөнөөрүн айткан.

Дегинкиси, Тажикстан менен Өзбекстан ортосунда транспорт жана энергетика тармагында бул өңдүү көйгөйлөр көп эле болуп келет.

XS
SM
MD
LG