Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:09

Иракта бомба чабуулунан 22 адам өлдү


Бүгүн Багдаддын шийи калктуу райондорунда удаа-удаа бомба жарылды. Садр шаарында мотоциклге жана жолго коюлган бомбадан кеминде тогуз киши курман болду. Кадимия районунда эки унаа жарылып, 12 адамдын каны төгүлдү.

Декабрда америкалык аскерлер Ирактан чыгып кеткенден бери өлкөдө жаатташтык согушу кайра уланат деген кооптонуу күчтүү. Премьер-министр Нури Малики сунни вице-президент Тарык Нашемини камакка алууну буйругандан тарта Ирак саясий кризиске кабылды. Өкмөттө Иракты көпчүлүктү түзгөн шийилер үстөмдүк кылат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG